Марал Радиосу

Өзбекстан: Борбордук Азиянын тарыхын чагылдырган сериал тартылат

Жейкоб Шфарц жетектеген америкалык топ ушул жылдын октябрь айынан тарта Борбордук Азиянын тарыхы боюнча сериал тартып баштайт.

«Neftlix» жана «Amazon» компанияларынын колдоосу менен тартылуучу сериалда Борбордук Азиянын тарыхы, маданияты чагылдырылат. Ага Өзбекстандын аймактары тандалып алынган.

Белгилей кетсек, буга чейин, «Amazon» компаниясы «Игра престолов» сериалына атаандаш тасма тартарын жарыялаган.