Марал Радиосу

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев көз жумду

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев көз жумду. Мындай маалыматты Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн «Маралга» ырасташты.

Темирбаев Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон.

Белгилей кетсек, Ашырбек Темирбаев 1952-жылы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. Ал 2012-жылдын 7-сентябрынан бери Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп келген.