Марал Радиосу

Непал: Селде калып каза болгондор 78ге жетти

Непалдагы суу ташкынынан жана селден каза болгондордун саны 78ге жетти. Бул тууралуу ANI агенттиги жазды. Ошондой эле, дагы 40 адам жабыркаган.

Агенттиктин билдирүүсүнө ылайык, Непал бийлиги селде калган 31 райондогу 3 300дөн ашык тургунду куткара алышкан.

Буга чейин Непалдын Ички иштер министри элди коопсуз аймакка которулууга чакырган. Катуу нөшөр дагы 2 күндөн узакка созулары айтылууда.