Марал Радиосу

Эртең Бишкек шаарында 38 градус ысык болот

Эртең, 17-июлда Бишкек шаарында абанын температурасы +38 градуска жетет.

Кыргызгидромет борборунан кабарлагандай, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22,  күндүз +33…+38

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19,   күндүз +32…+37

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24,  күндүз +33…+38

Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17,   күндүз +26…+31

Нарын облусунда  түнкүсүн +9…+14,   күндүз +26…+31

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21 градус, күндүз +36…+38 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кыска мөөнөттүү жаан жашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17 градус, күндүз +26…+28 градус болот.