Марал Радиосу

Корея премьер-министри расмий сапар менен Тажикстанга келди

15-июлда Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапар менен Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына келди. Бул тууралуу Тажикстандын «Кабар» агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, бул сапар 3 күнгө мерчемделген.

Расмий сапардын алкагында Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугат. Ошондой эле, бүгүн, 16-июлда Тажикстандын премьер-министри Корхир Расулзода менен делегаттардын коштоосунда сүйлөшүүлөр жүргүзөт.