Марал Радиосу

Лондон Ассанжды өлүмгө тартуучу өлкөгө бербейт

Улуу Британия «WikiLeaks» сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды өлүм жазасына тартуучу өлкөгө тапшырбайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министринин орун басары Алан Данкан билдирди.

Анын айтымына караганда, мындай шарт Улуу Британия менен Эквадордун ортосундагы келишимде коюлду.

7 жылдан соң Ассанжды Эквадор элчилигинен кууп чыгышкан. Ага дагы деле өлүм жазасы берилери айтылууда.

11-июнда АКШнын Юстиция министрлиги Улуу Британияга Ассанжды экстрадициялоо боюнча расмий кайрылуу жасашкан. АКШ «WikiLeaks» сайтынын негиздөөчүсүнө каршы 17 жаңы айыпты атаган. Анын ар бирине 10 жылдан берилери айтылган. Вашингтон Ассанжды эң башкысы тыңчылыкка айыптоодо.

Ассанж учурда Лондондо күрөөгө сыртка чыгуу шартын бузгандыгы үчүн 50 жумалык жаза мөөнөтүн өтөөдө.

Кошумчалай кетсек, Ассанж 2010-жылы Швецияда сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча айыпталып, 2012-жылдын июнь айынан баштап, экстрадациядан сактанып, Эквадор элчилигинде жашырынып келген. 2019-жылдын 11-апрелинде Швеция жана АКШнын ордери аркылуу кармалган. Лондондогу сот аны күнөөлүү деп тапкан.

Exit mobile version