Марал Радиосу

Талибдер менен Кабул бийлиги Самаркандда жолугушат

Ооган аралык сүйлөшүүлөр бир ай аралыгында Өзбекстандын Самарканд шаарында өтөт. Бул тууралуу 1 TV Ооган каналы маалымдады.

Катар менен Германия уюштурган III Ооган аралык сүйлөшүүлөр Доха шаарында 7-8-июлда өттү. Диалогго ооган саясатчылары, жарандык коомдун төрагалары катышты.

8-июлдагы расмий билдирүүгө ылайык, талибдер менен ооган делегаттары «жай тургундарды өлтүрүүнү токтотуу» жана ооган аялдарына саясаттык, коомдук, экономикалык иштерде, билим берүү жана маданият тармактарына Ислам баалуулуктарына шайкеш келе тургандай кылып аралашуусуна шарт түзүп берүүгө макулдашышкан.

Азырынча «Талибан» радикалдык кыймылы менен Ооган бийлигинин ортосунда тынчтык келишими толугу менен бүтө элек.

Ооганстанда көп жылдан бери эки тараптуу тирешүүлөр уланып келет. Ооганстандын Улуттук коопсуздук жана коргоо кызматы терроризм менен күрөшүү максатында өлкө боюнча операцияларды жүргүзүп келет.