Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 16-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот, тоолуу райондордун тоо этектеринде кыска мөөнөтүү жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 16….21… күндүз: 32… 37°C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 14….19….күндүз: 30…..35°C;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 17…22….күндүз: 32……37°C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 12…..17….күндүз: 24……29°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 9….14…..күндүз: 24….29°C;
16-июлда Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 35……37°C, түнкүсүн 19 … 21 °C.