Марал Радиосу

«Түндүк электр» өзүнө эки кабаттуу имарат курат

«Түндүк электр» ишканасы өзүнө эки кабаттуу өндүрүш имаратын курат. Буга карата мекеме тендер жарыялады.

Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Сатып алуу ыкмасы бир этап деп белгиленип, ал үчүн 13 млн 470 миң 890 сом пландалууда.