Марал Радиосу

Сууга агып кеткен Молдакун Абдылдаевдин уулунун сөөгү табылды

Көкөмерен суусуна агып кеткен Чүй облустук администрациясынын аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин уулунун сөөгү табылды. Бул тууралуу анын эжеси Индира Абдылдаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Эскерте кетсек, 30-июнда Чүйдүн Жайыл районундагы Көкөмерен дарыясына автоунаа түшүп кеткени кабарланган. Алар Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү экени айтылган. Мындан улам, сууга түшүп кеткен унаадагы адамдарды издөө иштери жүрүп жаткан. 2-июлда Молдакун Абдылдаевдин жана айдоочусунун, 4-июлда небересинин сөөгү табылган. 10-июлда Молдакун Абдылдаевдин жубайы Тинатин Шадыканованын сөөгү табылганы кабарланган болчу.