Марал Радиосу

Антуан Гризманн «Барселонага» өттү

“Атлетико Мадрид” футболдук клубунун чабуулчусу Антуан Гризманн «Барселонага» өттү. Бул тууралуу “Барселонанын” расмий сайты жарыялады.

Анда франциялык чабуулчу үчүн 120 млн евро төлөнгөнү да айтылган. Оюнчу менен клуб 5 жылдык келишим түздү.

Белгилей кетсек, Антуан Гризманн “Атлетико Мадрид” клубунда 2014-жылдан бери ойноп, 257 оюнда 133 гол киргизген. 2018-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышып, чемпион аталган.