Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков менен Путиндин жолугушуусунда кайсы маселелер сүйлөшүлгөнү айтылды

Кыска кабар | 12 Июл 2019 | 702 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-июлда Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Анда өлкө башчылары Орусиянын президенти Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, анын ичинде Кыргызстандын Орусияда жана Орусиянын Кыргызстанда 2020-жылды кайчылаш жыл деп жарыялоонун алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча пикир алмашышты.

Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу актуалдуу маселелер жана ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Кеңешинин алдыда боло турчу  сессиясына даярдыктар талкууланды.

Белгилей кетсек, ЖККУ Саммити Бишкек шаарында 2019-жылдын 28-ноябрында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM