Марал Радиосу

Күрөш: Назира Марсбек кызы Азия чемпионатында күмүш медаль алды

Кыргызстандык балбан кыз Назира Марсбек кызы жаштар арасында өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медаль алды.

59 кг салмакта күч сынашкан Назира Марсбек кызы финалда индиялык балбан кыз Anshu ANSHU менен таймашып, жеңишти алдырып жиберди.

Назира мелдеште чейрек финалда вьетнамдык Anh Tuyet TRAN’ды 10:0 эсебинде, жарым финалда кытайлык Zhuomalaga ZHUOMALAGA’ны 6:3 эсебинде жеңип, финалга чыккан.

Мелдеш Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жатат.