Марал Радиосу

Футбол КПЛ: «Дордой» командасы «Алайды» утуп алды

Футбол боюнча Кыргызстандын премьер-лигасынын «эль-классикосунда» «Дордой» жеңишке жетти.

Кечээ Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы футбол талаасында чемпионаттын 14-турунун алкагында Оштун «Алай» клубу Бишкектин «Дордой» командасын кабыл алган.

Беттештин 76-мүнөтүндө алайлыктардан Кожо Жоэль 11 метрлик айып тобунан гол киргизип, эсепти ачты.

Беттештин акыркы 90-92-мүнөттөрүндө дордойлуктар Эрнист Батырканов менен Муролим Ахмедов гол киргизишип, жеңишти илип кетти.

«Алай» 14 турдагы жыйынтыгы менен мелдештин жадыбалында 34 упай топтоп, биринчи орунда, ал эми 13 оюн өткөргөн «Дордой» 29 упай менен экинчи сапта келатат.