Марал Радиосу

Ош облусунда жер титиреди

Ош облусунда жер титиреди. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 11-июлда болжол менен таңкы саат 04:36да Тажикстандын аймагында катталып, очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен.

Ал эми Кыргызстандын Ош облусунун, Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында 2 баллга чейин сезилген.