Марал Радиосу

Жээнбеков Швейцариянын президенти менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбековду Швейцариянын президенти Ули Маурер Берн шаарындагы «Лон Манор» резиденциясында тосуп алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Расмий тосуп алуу аземинен кийин, мамлекеттер башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөргө бет алышты. Алдыда кеңири чөйрөдө сүйлөшүүлөр күтүлүп жатат.

Мындан тышкары, өлкө башчы Швейцария Федералдык жыйынынын улуттук кеңешинин төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан менен жолугушат.  Ошондой эле, Кыргызстандан барган ишкерлер менен биргеликте Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрүнө кезигет.