Биз менен байланышыңыз

Соң-Көл жайлоосунда фестиваль өтөт

Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 958 | 0

19-20-июлда Соң-Көл жайлоосунда «Акмөөр» этно-маданий фестивалы өтөт. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук администрациясы билдирди.

Маалым болгондой, фестивалдын алкагында уз-усталардын улуттук буюм-тайымдар көргөзмөсү, сулуулар сынагы, этнобазар уюштурулат. Ошондой эле, улуттук спорт оюндары ойнотулуп, кыз-жигит сармердени орун алат. Иш-чара жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жана Ак-Талаа районунда туулган таланттардын чоң программадагы концерти менен жыйынтыкталат.

Фестивалды Ак-Талаа райондук администрациясы Кыргызстан аялдар конгресси жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте уюштуруп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM