Марал Радиосу

Бишкекке Казакстандын Өкмөт башчысы келет

Ушул жылдын 12-июлунда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин расмий иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында ал Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен тар жана кеңири форматтагы жолугушууларды өткөрөт.