Марал Радиосу

Нуржигит Кенешбек уулу Азия чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Нуржигит Кенешбек уулу жаштар арасында Азия чемпионатында финалга чыкты. Эми чечүүчү беттеште ал ирандык Bahram Tayyar MAROUFKHANI IMCHEH менен алтын медаль үчүн күрөшөт.

Ушул күндөрү грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Азия биринчилиги Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жатат.

67 кг салмакта күн сынашып жаткан Нуржигит жарым финалда өзбекстандын балбаны Умиджон Ахроровду 4:3 эсебинде утуп финалга чыкты.

Мелдештин чейрек финалында Нуржигит корей спортчу Минсьонг Паркты 11:2 эсебинде уткан.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 16:00дө башталат. Бул мелдешти unitedworldwrestling.org сайты түз алып көрсөтүп жатат.