Марал Радиосу

Салянованын жактоочусу кыйноолор боюнча даттанууда

Мурдагы башпрокурор Аида Салянованын адвокаты Рабига Садыкова Кыйноолордун алдын алуу борборуна (КААБ) кайрылды. Бул тууралуу ал маалымат каражаттарына билдирди.

Жактоочу кечээ №1 тергөө абагында кармалып жаткан Аида Салянованын абалын көрүп келген.

«Аида Салянова өзүн жаман сезип жатат. Анын дем алуусу оорлоп, жүрөгү катуу ооруп жатат. Уктай албайт. Экс-башпрокурор тез арада ооруканага жаткырылышы керек. Мен орой мамиле жана кыйноо боюнча арыз менен КААБга кайрылдым. Алар чара көрүшүп, анын ооруканага жаткырылышына көмөк көрсөтүшөт. Салянованын абалы оор», — дейт Рабига Садыкова.

Аида Салянова «Мыйзамдагы ууру» Азиз батукаевдин бошотулушу боюнча тергөөнүн алкагында камакка алыынган. Сот аны 26-августка чейин камакта кармоо чечимин чыгарган.