Биз менен байланышыңыз

Саркулов: Бир ишеним катка бир нече кишинин атын жазууга болот

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июл 2019 | 686 | 0

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Марал» радиосуна берген маегинде айдоочулар үчүн убактылуу ишеним кат киргизүү маселеси 10-августка чейин чечилерин билдирди.

Анын айтымында, бир унааны 5 адам айдаса, ишеним катка бешөөнүн тең аты-жөнү жазылат. Бир эле ишеним катка бир нече кишинин атын жазууга болот.

Транспорт каражаттарын каттоону иретке келтирүү максатында жана айдоочулар жоопкерчиликтен качпоосу үчүн ишеним катты милдеттүү документтердин катарына убактылуу киргизүү сунушталууда. Бул маселе «Коопсуз шаар» доолбоорунун ишке киргенине байланыштуу көтөрүлдү.

«Анткени, эреже бузууларга токтом чыгып жатат. 250 миңден ашуун токтом чыгарылып, транспорт каражатынын ээсине жөнөтүлгөн. Учурда бизге кайрылган 20 миң жарандын басымдуу бөлүгү транспорт каражатынын ээси эмес. Башкача айтканда,  унааны сатып жиберген, азыр ким айдап жүргөнүн билбейт. Ишеним катты кайра киргизүү боюнча долбоор катары сунуштама бердик. Жыл соңуна чейин транспорт каражаттарын каттоо жаатын иретке келтирип алсак, жаңы жылдан тарта ишеним катты жокко чыгарып, башка чаралар колдонулат», — дейт Саркулов.

Анын берген маалыматына ылайык, өлкөдө 1 млн 200 миңден ашуун транспорт каражаты каттоодон өткөн. Анын 80 %га жакыны активдүү кыймылда. 3 айдын ичинде унаалардын каттоосу текшерилет.

«Азыр трансорт каражаты кимге катталганы боюнча маалымат бар, бирок унааны ким айдап жүргөнү боюнча маалымат жок. Унааларды соттун чечими менен каттоого алуу оор процесс. Транспорт каражаттарынын ээлеринин укугун коргоо жаатында унааларды каттоону ишеним кат аркылуу жөнгө салуу аракетиндебиз», — дейт Саркулов.

Copyright © 2017 Maral FM