Биз менен байланышыңыз

Гонконг: Премьер-министр экстрадиция мыйзамы «өлүп калганын» жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 500 | 0

Гонконгдун өкмөт башчысы Кэрри Лам экстрадиция мыйзамына өзгөртүү киргизүү маселеси «өлүп калганын» жарыялады. Ал документ калк арасында нааразылык жаратканын, буга байланыштуу ишке ашпай калганын белгиледи. Бирок, демонстранттардын мыйзамды дароо артка чакыртып алуу талабын аткарган жок. Ошондой эле, акыркы убактардагы Гонконгдо орун алган башаламандыкты өз жоопкерчилигине алды.

Кошумчалай кетсек, Гонконг эли экстрадициялоо мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө каршылык кылып, бир айдан бери байма-бай митингдерге чыгып келет. Мыйзамдагы түзөтүүгө ылайык, Гонконг бийлиги кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүү боюнча макулдашкан. Жалпы каршылыктан соң бийлик бул мыйзамды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө жылдырган. Ага карабастан Гонконгдун тургундары бийликтин аталган мыйзамдагы түзөтүүлөрдөн толугу менен баш тартуусун талап кылып, нааразылык акциясын өткөрүп жатышат.

 

Copyright © 2017 Maral FM