Марал Радиосу

Ош шаарындагы таштанды контейнерлер жаңыланат

Ош шаарында таштанды контейнерлер жаңыланууда. Бул тууралуу «Ош-Тазалык» муниципиалдык ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мекеменин жетекчиси Нурбек Исмаиловдун демилгеси менен жаңы типтеги контейнерлер коюла баштады. Азырынча бул борбордук көчөлөрдө гана болот. Үстү жабык, айланасы курчалган таштанды контейнерлери чирип кетпей, дат баспай, көпкө кызмат кылат.

«Европа Өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан берилүүчү контейнерлер келип калса, шаардын тазалыгы жакшы нукка салынып, элди тейлөөгө мыкты шарттар түзүлөт», — дейт Нурбек Исмаилов.