Марал Радиосу

Иркутск облусунда 88 миң гектар токойду өрт чалды

Орусиянын Иркутск облусунда эки күндө 103 өрт кырсыгы катталып, жалпы 88 миң гектардан ашык токой өрткө чалдыкты. Бул тууралуу облустук басма сөз кызматы жергиликтүү басылмаларга билдирген.

«Учурда 7 районго өзгөчө кырдаалдар абалы киргизилди. Өрттүн башка аймактарга өтүү ыктымалдуулугу жогорку деңгээлде болуп турат», — деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоонун көпчүлүгү чагылгандан улам келип чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн миңден ашык кызматкер жана 186 техника тартылган.