Марал Радиосу

Сурамжылоо: Коррупция менен күрөш жүрүп жатканына ишенгендер аз

«Марал» радиосу Фейсбуктагы баракчасы аркылуу «Сиз өлкөдө коррупция менен күрөш чындап жүрүп жатат деп ишенесизби?» деген суроо салды.

Сурамжылоого катышкандардын 79 пайызы «жок» деп жооп берсе, 21 пайызы коррупция менен күрөшүү жүрүп жатат деген ойдо. Так сандарын айтсак, коррупция менен күрөш жүрүп жатканына ишенгендер 205 катышуучу, «жок» деген добушту 755 адам берген. Добуш берүүгө жалпы 960 адам катышкан.

Сурамжылоого катышпаган, бирок пикир калтырган жарандар да болду. Алар учурда коррупция тескерисинче көбөйгөнүн, саясий оппоненттерге каршы аракет гана болуп жатканын айтышат.

Ошондой эле, азыркы президент өзү аракет кылганы менен анын командасы өтө алсыз болуп жатат деген пикирлер бар.

«Коррупция менен толук кандуу күрөшүү жок. Иммитация жүрүп жатат. Бир жагынан коррупция гүлдөп жатат, бир жагынан көрүнүш гана болуп жатат. Президент айлана-чөйрөсүндөгү коррупционерлердин уул-кыздарын, неберелерин жок кылмайынча, премьер-министрди жана кээ бир министрлерди командалары менен алмаштырмайынча, эч нерсе өзгөрбөйт», — деген да ойлор айтылды.