Марал Радиосу

Эргешов: Интенсивдүү көчөттөрдү тигүү сунушталат

Дүйнө жүзү жапыс, интенсивдүү көчөттөргө өттү. Анын эч кандай зыяны жок. Мындай көчөттөр кыска убакытта түшүм берет. Бул тууралуу Борбор Азия багбандар ассоциациясынын төрагасы Алтынбек Эргешов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Түркиядан интенсивдүү көчөттөр келип жатат. Кокон гиласынын көчөтүнүн да жаңы түрү келген.

Эргешов Борбор Азия багбандар ассоциациясы кооперативдерди түзүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле, биримдиктин концепциясы, стратегиялык пландары менен бөлүштү.

«Элдин башын бириктирип, туура сортту, технологияны тандатып, көлөмдүү азык өндүрөлү деген максат бар. Айыл чарба министрилиги менен биргеликте иш алып баруу боюнча сунуштарыбызды бердик. Ага кошумча, бир айыл 5-10 гектардан долбоор иштеп чыгып жатабыз. Интенсивдүү технологияда бак тигүү капчыкка оор, аны ар бир дыйкан жасай албайт. Каражатка болгон муктаждыктын негизинде атайын программа иштеп чыктык. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан жана өзүбүздүн фонддон да акча бөлүнүүдө. Мындан сырткары, мөмө-жемиштерди кароо боюча жылдык программаларыбыз бар», — дейт Эргешов.