Биз менен байланышыңыз

Кадыров: Түркияда окко учкан баланын өлүмү иликтенүүдө

Күн чекит | 8 Июл 2019 | 445 | 0

7-июлда Түркиянын Алания шаарында 23 жаштагы кыргызстандык бала өлтүрүлгөнү кабарланды. Шаар прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, шектүү адам да кармалды. Ал эми Тышкы иштер министрлиги азырынча расмий маалымат бере элек.

Чет жакка кеткен кыргыз мигранттарынын мындай тагдырга туш болгону алгачкы жолу болуп жаткан жок. Ошондуктан, алардын укуктарын коргоо маселеси орчундуу. Бул теманын айланасында түз байланышта «Замандаш» партиясынын Тышкы иштер, анын ичинде Түркиядагы кыргызстандыктардын маселеси боюнча жооптуу өкүлү Айбек Кадыров менен «Күн чекит» программасында маек курдук.

Марал: — Кыргыз мигранттары чет жакка иштеп же окуганы кеткенде, тилекке каршы, мындай жагдайлар көп болот. Буга чейин да Түркияда өз жанын кыйган же сабалган кыргызстандыктар тууралуу маалыматтар чыкты. Бул жолу мас абалындагы киши аткан октон улам 23 жаштагы бала каза болгон экен, бул окуя боюнча тагыраак маалымат ала алдыңыздарбы?

Айбек Кадыров: — Биринчиден, 23 жаштагы мекендешибиз Муктарбек Иманалиевдин жакындарына көңүл айтабыз, аябай оор окуя болду. Эми чынында, тилекке каршы, жаш жигит-кыздарыбыз чет жактарга иштегени кетип, ушундай абалга туш болуп калып жатышат. Биз ал баланын атылганы боюнча толук маалыматыбыз жок, тактап жатабыз. Азыркы учурда кылмышка шектүү кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Биз дагы өз алдынча тийиштүү маалыматтарды алып, иликтеп жатабыз.

Марал: — Негизи чет жакка кеткен кыргыз мигранттарынын укуктарын коргогон, юридикалык кеңештерди берген түйүн иштейби?

Айбек Кадыров: — Азыркы күндө Түркияга кетип жаткан биздин жарандарга, өзгөчө жаш кыздар-балдарга кеңеш берген, алардын укуктарын коргогон, юридикалык жактан консультация берген мекеме же ар кандай коомдук бирикмелер жок. Түркиянын ири шаарларында биздин өкүлдөрүбүз бар, колубуздан келишинче кыргыз жарандарына юридикалык жактан жардам берип жатабыз.

Марал: — Мигранттарды чет жакка жиберген агенттиктердин ишинин жоопкерчилигин күчөтүү керекпи?

Айбек Кадыров: — Көпчүлүк учурда тышка кетип жаткан биздин жарандар жеке агенттиктер менен чыгышат. Мамлекет бардык жоопкерчиликти аларга тапшырып салбай, мигранттардын иш менен камсыз болуусу, андан ары кайсы бир кырдаалга кабылса, юридикалык кеңеш берүү, укуктарын түшүндүрүү сыяктуу иштерге көзөмөл кылса жакшы болмок.

Агенттиктердин ыйгарым укуктары өтө кенен эмес. Мамлекет менен бирге иш алып баруу керек. Айрыкча, азыр жай мезгилинде биздин жарандар Түркияда 40 миңге чейин жетет. Ошондуктан, Миграция кызматы болобу, Ички иштер министрлиги болобу, Түркиянын тийиштүү мамлекеттик органдары менен мындай маселелерди бирге чечип, же атайын орган түзүп иштесе, абдан жакшы болмок.

Марал: — Биздин жарандарга байланыштуу иш ачылганда аягына чейин иликтенип, юридикалык баа берилген учур болобу?

Айбек Кадыров: — Ар бир кылмыш иши козголгондо биз (ред. «Замандаш» партиясы) мамлекеттик орган болбогондуктан, ыйгарым укуктарыбыз чектелүү. Ошентсе да, колдон келишинче, иштин аягына чейин иликтенүүсүн көзөмөлдөөгө аракет кылабыз. Эң башкысы, укуктук бааны мамлекеттик орган көзөмөлдөсө туура болмок.

Марал: — Түркияда орто эсеп менен канча кыргызстандык иштейт жана алар көбүнчө эмне менен алектенишет?

Айбек Кадыров: — Азыр жайкы мезгилде Түркияга иштегени келген кыргызстандыктардын саны 35-40 миңге чейин жетип калат. Башка убакытта 19 миңди түзөт. Түркияда кыргыз мигранттары көбүнчө улгайган курактагыларды багып, үй кызматында, тейлөө кызматында иштешет. Окуп-иштеп жүргөн, жакшы жумушта эмгектенгендер да бар.

Түркиядагы кыргызстандыктардын 90 пайызы аялдар болуп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM