Марал Радиосу

Украина телеканалы телекөпүрө куруудан баш тартты

Украинанын«NewsOne» телеканалы орустардын «Россия-1» телеканалы менен уюштурула турчу телекөпүрөдөн баш тартканын жарыялады. Ага каналдын журналистине жана анын жакындарына жасалган коркутуулар себеп болгон.

«News One» телеканалынын сайтында кабарлангандай, саясатка тиешеси жок, эки өлкөнүн жарандарынын маселесин талкуулоо үчүн бир аянтча түзүүгө кылган аракет саясий партиялар тарабынан «жапырт маалыматтык чабуулга» тушуккан.

«Каналдын айланасында нааразылык акцияларын уюштурабыз деген арыздар келип түштү. Телеканалга болгон мындай мамиле Украинага мурункудай коркутуу жана журналисттик эркиндикке болгон чектөөнүн кайтып келгенин көрсөтөт», — деп белгилейт «NewsOne» каналы.

Эске салсак, 2 саатты түзгөн телекөпүрө 12-июлга белгиленген болчу. Украина каналы, жарандар бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жатканын кабарлаган.