Бүгүн, 8-июлда Бишкек шаарында курулган балдардын оюн аянтчасынын ачылышы болуп өттү.
Ачылыш аземге «Дордой» ассоциациясынын президенти, ишкер Аскар Салымбеков, КР Президентине караштуу Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев өңдүү бир катар сыйлуу коноктор келип, куттуктоо сөздөрүн жолдошту. Ошондой эле, Бишкек шаарынын тургундары, жеткинчек бөбөктөр да катышты.
Салтанатты актерлор тарабынан даярдалган балдар үчүн оюн-зоок сынактары, ыр-бий коштоду.
Белгилей кетсек, Бишкектин чок ортосундагы балдардын оюн аянтчасы ишкер Жамалбек Ырсалиевдин жеке каржылоосу менен «Bland Group» компаниясы тарабынан салынды.