Марал Радиосу

Ири көлөмдөгү парфюмерия каражаттарын ташыгандар кармалды

«Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 2 миллион сомдук мыйзамсыз жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү билдирди.

Чек ара бекетинин кызматкерлери 28 жаштагы Казакстандын жараны айдаган «DAF-XF» жүк ташуучу унаасын текшерген учурда мыйзамсыз Кореянын парфюмерия каражаттары табылган. Товардын аксиздик маркасы, коштоочу тиешелүү документтери жок болгон. Кармалган жүктүн жалпы наркы 2 миллион сомго бааланды.

Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран Финансы полициясынын жана Салык кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.