Орусиянын «Россия-1» жана Украинанын «News One» телеканалдары Орусия жана Украина жарандары сүйлөшө ала тургандай 2 сааттык телекөпүрө уюштурат. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Телекөпүрө 12-июлга мерчемделүүдө.
Бул долбоор тууралуу Жогорку Раданын тышкы иштер боюнча комитетинин башчысы Анна Гопко: «Телекөпүрөнү уюштуруу, «Украина медиа аймагын оккупациялоо» саясатынын бир бөлүгү», — деп сындады.