Марал Радиосу

Эски, тарыхый мечиттер «евролошуп» баратат

«Марал» радиосу Кыргызстандагы тарых жана маданият жаатындагы иш-чараларга өз салымын кошууда. Жакында биздин штаттан тышкаркы кызматкерибиз Элтай Токтобек уулунун өз алдынча баштаган, көптөн бери иш жүзүнө ашырууну эңсеп жүргөн долбооруна материалдык жана моралдык көмөк көрсөтүүнү чечтик. Долбоордун максаты — өлкө аймагын кыдырып, Кыргызстандагы тарыхый мечиттерди иликтеп, азыркы абалын элге тааныштыруу менен бирге бир китепке чогултуу.

Өнөктөшүбүз алгач өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы тарыхый мечиттердин тизмесин болжолдуу түрдө түзүп, аларды жеринен көрүүгө барган. Анда күтүлбөгөн жагдайларга да туш болгон. Тактап айтканда, тарыхый мечиттер таптакыр изилденген эмес, тизмеси да түзүлгөн эмес. Тарыхый жана маданият мурас катары эсептелбей, кароосуз калган. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «архитектуралык эстеликтер» тизмесине таптакыр кирбеген мечиттерди да кезиктирген. Андан да өкүнүчтүүсү, мамлекеттик органдар тарабынан 100-200 жылдык мечиттер түрттүрүлүп, ордуна жаңылары салынган.

Мындай фактылар 2000-жылдардан кийин башталган.

Алсак, Оштогу Шейит-Дөбө мечити Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «архитектуралык эстеликтер» тизмесинде болгонуна карабастан, 2000-жылдары бузулган. Бирок бул мечит тизмеде азыркыга чейин сакталуу.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кайрагач мечити 2018-жылы бузулуп, ордуна жаңы мечит курулган. 100 жылдан көп тарыхы бар бул мечит чыгыш стилинде салынган экен.

Ал эми Өзгөндүн Ташлак аймагындагы 100 жылдан ашкан мечит бузулуп кетип, ордуна жаңы «евро» мечит жакында эле салынган.

Ала-Бука районунда салынганына 100 жыл болгон мечит сакталып турат. Бирок аны мамлекет эмес, курган адамдын урпактары сактап келе жатыптыр.

Ал эми төмөнкү мечиттер байыркы болгону менен тизмеге кирбей калгандарга эң жакшы мисал болуп берет:

Баткен. Боз-Адыр

Алай, 100 жылдан ашык убакыттан бери турат

Баткен, Үч-Коргон.

Бир гана мечит эмес, кароосуз калган чиркөөлөрдү да байкоого болот.

Дүйнөлүк тажрыйбада бул өңдүү тарыхый баалуулуктарды мамлекет толугу менен каттоого алып, коргойт. Андай обьектилерде атайын жазуулар илинип, мамлекеттин коргоосунда экендиги белгилүү болуп турат. Ошол себептүү Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тизмени кайра карап чыгып, кароосуз калган жайларды каттап, коргоосу учурдун талабы.

***Эгерде сиздин айылыңызда же сиз билген байыркы мечиттер болсо, биздин редакцияга кабарлаңыз. Материалдар чогултулуп, аягында китеп болуп басылып чыкмакчы.

Exit mobile version