Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Коррупцияга каршы күрөштө бир эле рецепт бар

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Июл 2019 | 1003 | 1

Коррупцияга каршы күрөштө бир эле рецепт бар. Ал үчүн эски кызматкерлердин баары кетип, жаңы адамдар келиши керек. Мындай пикирин «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал коррупцияны болтурбоого шарт түзгөндө, чыныгы күрөш болорун белгилейт.

«Эскинин баары кетмейинче оңолбойт. Азыр карапайым элди ойлогон киши жок. Коррупциялык системаны бийликте отургандар ойлоп табышкан. Эми жаңы муун, жаңы система келгенде гана өзгөрүү болот. Кызматкерлер алмашканы менен паракорчулук токтобой жатат», — дейт Молдокматов.

Анын айтымында, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКдан бөлүп, ИИМге өткөргөндө гана саясий куугунтук токтойт. Мындан сырткары, көп жерге реформа зарыл.

«Мамлекеттик башкаруудан тарта жаңы Конституцияны кабыл алуу зарыл. Президенттин ыйгарым укуктарын Өкмөт башчыга өткөрүп берген соң, багыттуу реформаларга киришсек болот. Парламент бийликте ким болсо, ошону менен бирге болуп жатат. Парламенттин баш ийгенинин себеби, көпчүлүгүнүн артында «калбыры» бар», — дейт Молдокматов.

Copyright © 2017 Maral FM