Марал Радиосу

Индия: Автобус каналга кулап, 29 адам каза болду

Индиянын түндүгүндө жайгашкан Агра шаарындагы каналга автобус кулап, 29 адам каза болду. Бул тууралуу Индиянын жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Уттар-Прадеш штатынын полициясы Твиттердеги баракчасы аркылуу билдиргендей, жол кырсыгы айдоочунун уктап кеткенинен улам болгон. Лакхнаудан Дели шаарына бараткан автобус 4,5 метр бийиктиктен чоң каналга кулап түшкөн.

Автобустун ичинде 46 адам болгон. Куткаруу кызматы окуя болгон жерден 29 адамдын сөөгүн алып чыгышкан. Дагы 17 адам ар кандай жаракат алган.