Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Коррупция тууралуу кеп кылган адам өзү таза болушу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Июл 2019 | 1284 | 1

Коррупция тууралуу кеп кылган адам өзү таза болушу керек. Мындай пикирин «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Коррупцияны ушул деңгээлге алып келгендер ким? Мамлекеттин мүлкүн ит бекер саткандар жооп бериши керек. Эмне үчүн алардын балдары чет өлкөдөн билим алып, карапайым эл  карыздарды төлөшү керек?» — дейт Молдокматов.

Ал коррупция терең тамыр жайгандыктан, анын себептерин жоюу мүмкүн болбой жатканын кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM