Марал Радиосу

Орусияда жол кырсыгынан 4 кыргызстандык каза болду

Орусияда жол кырсыгынан каза болгон 4 кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жиберүү аракети көрүлүп жатат. Мындай кабарды Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Кечээ эртең мененки саат 7лерде Оренбург облусунун Тоцкое айылынан «ВАЗ-2107» унаасы «Skoda» унаасы менен кагылышкан. Оренбург-Самара унаа жолунда болгон бул кырсыктан 4 кыргызстандык каза болгон.

Окуя болгон жерге Кыргызстандын Орусиядагы консулу барган.

Каза болгондордун сөөгү эртең, 9-июлда мекенине жөнөтүлөт.