Марал Радиосу

Америкалык миллиардер адам сатуу айыбы менен кармалды

АКШдан чыккан финансист жана миллиардер Джеффри Эпштейн өспүрүмдөрдү сексуалдык кулчулукка саткан деген айып менен кармалды. Бул тууралуу The Daily Beast басылмасы билдирди.

Эпштейн 6-июль, ишемби күнү Нью-Йорк шаарында кармалды. 8-июль, дүйшөмбү күнү өспүрүмдөрдү сексуалдык соодалоо айыбы боюнча миллиардердин соттук отуруму өтөт.

Алдын-ала божомолдорго ылайык, ал бул кылмыш ишин 2002-2005-жылдар аралыгында Американын Нью-Йорк жана Флорида шаарларында жүргүзгөн.