Марал Радиосу

Ооганстанда күчтүү жарылуу катталды

Ооганстандын Газни шаарында жарылуу катталып, 15ке жакын адам каза болуп, 43 адам жабыркады. Бул тууралуу Pajhwok агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, унаа Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгынын имаратынын алдында жарылган.

Каза болгондордун арасында 8 коопсуздук кызматкери жана 4 жай тургун бар. Жабыркагандардын көпчүлүгү — мектеп окуучулары. Алардын абалы тууралуу толук маалымат айтыла элек.