Марал Радиосу

Премьер-министрдин апасы дүйнөдөн өттү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин апасы Керимкул кызы Жеңилдик 85 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылынын тургундары маалымдашты.

Керимкул кызы Жеңилдик 1934-жылы Кочкор районунун Дөң-Алыш айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Комсомол совхозунда эмгектенген. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Дүйшөкө Абылгазиевге турмушка чыгып, экөө 4 уул, 3 кызды тарбиялап өстүрүшкөн. Акыркы жылдарда кичүү уулу Мухаммедкалый Абылгазиевдин колунда турган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында өтөт.

Exit mobile version