Марал Радиосу

Медицина кызматкеринин күнүнө карата статистикалык маалымат

Beautiful young female medical doctor is looking at camera and smiling while her colleagues are sitting in the background

Жыл сайын июль айынын биринчи жекшемби күнү медицина кызматкерлеринин күнү белгиленет. Мына ошол кесиптин өкүлдөрүнүн күнүнө карата статистикалык маалыматтарды сунуштайбыз:

2018-жылы Кыргызстанда 187 оорукана, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү 46 уюм, 2 медициналык тез жардам көрсөтүү боюнча өз алдынча станция жана башка уюмдардын курамына кирген 139 бөлүм элге медициналык жардам көрсөтүштү. Аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун базасында 29 жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору иштеди.

2018-жылы элди ооруканага жаткыруу аркылуу 187 оорукана уюмдары медициналык дарылоо жардамын көрсөтүштү, алардын ичинен 135и Саламаттыкты сактоо министрлигинин системасында, 44ү медициналык-санитардык бөлүктө, ошондой эле, 5и мейманканалар жана ооруканалар бөлүгүндө иш жүргүзүшкөн.

2018-жылы 14,1 миң дарыгер жана 35,6 миң орто медициналык кызматкер медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылышты. Өлкө калкынын 10 миңине деп алганда, 22 врач дарыгер жана 56 орто медициналык кызматкер туура келди.

2018-жылы терапевт (3,9 миң адам) жана хирург (2,3 миң), тиш дарыгери (1,2 миң), акушер-гинеколог (1,1 миң) жана педиатр (800 ашык адам) кесибинде иштеген дарыгерлер эң көп экени аныкталды.