Марал Радиосу

Түркмөнстанда 2020-жылдан баштап айлык акы 10 %га көтөрүлөт

Түркмөнстанда кийинки жылдын башынан айлык акылар жана башка төлөмдөр он пайызга көтөрүлөт. Тиешелүү буйрукка Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов кол койгонун «Орток Түркмөнстан» мамлекеттик гезити жазды.

Буйрукка ылайык, 2020-жылдын 1-январынан баштап Түркмөнстанда мамлекеттик бюджеттен каржыланган төлөмдөр, атап айтканда, айлык акы, пенсия, жөлөк пул, стипендия 10 %га көтөрүлөт.

Чечим Түркмөнстандын жарым жылдык жыйынтыгын чыгаруу үчүн өткөн кеңири чөйрөдөгү кеңешмеде кабыл алынган.