Марал Радиосу

Хатайда үч сириялык набыт болду

Автоунаадагы жарылуудан үч сириялык набыт болуп, бир адам жарат алды. Окуя Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында болгон.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, кырсык Рейханлы райондук башкаруу имаратынан болжол менен 750 метр алыстыкта катталган.

Жарылуудан соң полиция жергиликтүү элди аймактан көчүрүп чыгарып, коопсуздук чараларын камсыз кылган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган маалымат каражаттарына берген маегинде окуяны террордук кол салуу катары баалаган.

Жарылуунун себептери иликтенүүдө.