Биз менен байланышыңыз

Индия Дүйшөмбүгө жол салат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 492 | 0

Индия Дүйшөмбү шаарына жол салат. Ал үчүн Индия өкмөтү 46,5 млн доллар грант бөлөт. Бул тууралуу Дүйшөмбү шаарынын мэриясы расмий сайты аркылуу билдирди.

Мындан улам, борбор калаанын мэри Рустам Эмомали менен Тажикстандын Индиядагы элчиси Сомнат Гош жол салууну баштатышты.

Салына турчу жолдун жалпы узундугу 9.2 чакырымды, ал эми туурасы 40 метрди түзүп, 8 тилкелүү болот. Мындан сырткары, долбоордун алкагында Чоң Хисор каналын бойлой автоунаа көпүрөсүн куруу, темир жол тармагы, жол белгилерин коюу да каралган.

Дүйшөмбү шаарынын мэри долбоорду эл аралык деңгээлде белгиленген мөөнөттө ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Copyright © 2017 Maral FM