Марал Радиосу

Камактагы Өмүрбек Текебаев кайненесинин тажиясына барды

Камактагы депутат, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кайненесинин тажиясына барып, коштошуу зыйнатына катышты.

Саясатчыга маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берилип, күзөттүн коштоосунда жеткирилген.

Жерге берүү зыйнатына «Ата Мекен» партиясынын депутаттары да келишкен.

Бүгүн маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү Чүйдүн Таш-Дөбө айылында болду.

Текебаевдин кайненеси Бүбүкан Турдуева 5-июлда 77 жашында дүйнөдөн өткөн.