Марал Радиосу

Айыл чарба министрлиги Голландия менен кызматташат

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максат Ташболотов Алматы шаарындагы Голландиянын Экономикалык кеңсесинин башчысы Фредерико Олтхоф менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Максат Ташболотов Голландия ишкерлери менен айыл чарба багытында кайра иштетүү, сапаттуу үрөн жана иригация тармагын жакшыртуу, ошондой эле, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү багытында кызматташууну сунуштады.

Жолугушууда Кыргызстан менен Голландиянын ишкерлеринин бизнес-форумун өткөрүү каралды. Фредерик Олтхоф ага Голландиядан 23 компания катышарын билдирди. Бизнес-форумдун максаты эки өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүү жаатында тыгыз кызматташуу болуп саналат. 

Жолугушуунун соңунда, Бишкекте бизнес-форум өткөрүү боюнча макулдашышты.

Exit mobile version