Марал Радиосу

Жазуучулар союзунун төрагасы Нур-Султандагы форумга катышып жатат

Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков Казакстандын борбору Нур-Султанда өтүп жаткан «Евразия борборлорунун жазуучулары» эл аралык форумуна катышып жатат. Бул тууралуу Жазуучулар союзунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Дүйнөлүк адабият: стереотиптерди жоюу» аталышындагы эл аралык форумга Испания, Монголия, Египет, Бириккен Араб Эмираттары, Тажикстан, Украина, Түркия, Азербайжан, Израиль, Өзбекстан, Армения, Орусия өңдүү бир катар өлкөлөрдөн акын-жазуучулар жана адабият уюмдарынын жетекчилери келген. Биздин өлкөнүн атынан Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков жана жаш калемгер Перизат Алмаз кызы жөнөп кеткен.

Эки күндүк форумдун алкагында Перизат Алмаз кызы Казакстандын Абай медалы менен сыйланды.

Белгилей кетсек, бул форум Казакстан Жазуучулар союзунун демилгеси менен алгачкы ирет уюштурулуп жатат.

Exit mobile version