Марал Радиосу

«Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

«Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 30-майында кабыл алынган.

Бул мыйзамда судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрүнө кызматтык милдеттерин аткарууда материалдык сый акы төлөп берүүнүн тартиби жана механизмдери аныкталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.