Марал Радиосу

Европа Союзунун жогорку өкүлү Федерика Могерини расмий сапар менен келет

6-7-июлда Европа Биримдигинин тышкы иштер жана саясий коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Расмий визиттин алкагында Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтык боюнча жаңы макулдашууларды карап чыгуу күтүлүп жатат.

Ошондой эле, Европа Биримдигинин Борбор Азияга жаңы стратегиясы сунушталмакчы.

 

 

Exit mobile version