Бүгүн Ленин райондук сотунда Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму улантылды.
Мамлекеттик айыптоочулар өз кезегинде Албек Ибраимов башчы болуп турган «Дастан» ишканасы боюнча күбөлөрдү суракка алып жатат.
Анда «Дастан» ишканасы менен «Дастан Инжиринг» экөөнүн ортосунда өндүрүлгөн буюмдарды Индияга ташуу боюнча биринчи келишим 2011-жылы түзүлгөнү, ал узартылбай, андан кымбат суммадагы жаңы келишим түзүлгөнү, бул маселелер ошол кездеги мекеме башчысы Албек Ибраимовдун чечими менен болгону тууралуу айыптоолор суралды.
Мындай көрүнүшкө жактоочу Сергей Слесарев макул болбой, мамлекеттик айыптоочу сотто күбөлөрдүн көрсөтмөсүн окубастан, суроо бериши керектигин айтты.
«Мамлекеттик айыптоочу берилген көрсөтмөнү эле окуп, «Болду беле же болгон эмеспи?» — деп сурайт. Мунун менен алар күбөгө басым кылып жатышат. Мен буга каршылык көрсөтөм, ошондуктан, соттун эскертүү берүүсүн өтүнөм», — деди жактоочу.
Отурумга төрагалык кылып жаткан судья Кубанычбек Касымбеков өтүнүчтү четке какты. Отурум уланууда.
Белгилей кетсек, экс-мэрлер «коррупция» беренеси боюнча айыпталган. Тактап айтканда, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушунда, «Дастан» ишканасында, муниципалдык жерлерди берүүдө мыйзамсыз аракеттерге барган деген кине коюлган.