Марал Радиосу

Сабалып каза болгон Тижжани Али Абубакар бүгүн жерге берилет

Бишкектин чок ортосунда сабалып каза болгон Нигериянын жараны, «Cambridge School» тил үйрөтүү мекемесинин директору Тижжани Али Абубакар бүгүн жерге берилет. Бул тууралуу аталган мекеменин кызматкерлери кабарлады.

Али Абубакардын сөөгү Арча-Бешик конушундагы көрүстөнгө коюлат.

Учурда жаназа намазын өткөрүү иштери уюштурулуп жатат.

Маркумдун бир тууган агасы Бишкекке келди.

Эске сала кетсек, 2-июлда 1985-жылы туулган Нигерия жараны Улуттук госпиталга оор абалда түшкөндүгү кабарланган. Ошондон бери комадан чыга элек болчу. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында чет элдик жаранды сабоого шектүү катары 1997-жылы туулган К. Э. аттуу жигит кармалган.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шектүүнү таап чара көрүүнү, ал эми жабыркаган жаранга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырган эле.